Кыргыз аскер кызматчылары НАТОнун колдоосу астында өткөрүлгөн курстарды аяктап жатышат

  • 27 Apr. 2016 -
  • |
  • Last updated 13-Jun-2016 16:39

2016-жылдын 27-апрелинде НАТОнун Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланышуу жана өз ара кызматташуу боюнча кызматкери Розария Пульизи жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Курбанов НАТОнун финансылык колдоосу астында өткөрүлгөн англис тилин үйрөнүү курсунан өткөн аскер кызматчыларынын биринчи тобунун бүтүрүү салтанатына катышты. 2015-жылдын февралында башталган пилоттук долбоор Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин колдоосуна ээ болуп, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) кошумча билим берүү борбору тарабынан жүргүзүлдү.

Бүтүрүүчүлөргө НАТОнун байланышуу жана өз ара кызматташуу боюнча кызматкери “Англис тилин үйрөнүү - бул чет өлкөлөрдөгү семинарларга жана окуу курстарына катышуу инструментине, демек, кесиптик потенциалды өркүндөтүү”, - деп айтты. НАТО өнөктөштөр менен кызматташуу менюсунун алкагында, Борбордук Азиянын беш өлкөсүн кошо алганда, өнөктөш мамлекеттер үчүн 1400дөй иш-чараны сунуштайт. Кыргызстандык катышуучуларга 100 пайыздык финансылык колдоо көрсөтүлөт.

НАТОнун байланышуу жана өз ара кызматташуу боюнча кызматкери 26-апрелде социалдык адаптациялоо боюнча НАТО-Кыргызстан программасынын бир канча бүтүрүү салтанатынын бирине катышты. 2010-жылдан бери аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын ар кайсы региондорунда болжолу 900дөй мурдагы аскер кызматчылары кесиптик кайра даярдоодон өтүштү.

Аскер кызматынан бошотулган аскер кызматчылары англис тили, маалыматтык технология жана бизнес жаатындагы көндүмдөргө ээ боло алышса, алардын жарандык адистиктер боюнча иш табуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. “Мени совет мезгилинде кызмат өтөп жүргөн кезимде, НАТО биздин душманыбыз деп окутушкан эле, эми кайрадан жумушка кайтышыма жардам бергендиги үчүн НАТОго ыраазычылык билдирүүгө туура келерин ким ойлоптур”, - деди Токмок шаарында маалыматтык технологиялар боюнча курста окуган аскер кызматынан бошотулган офицерлердин бири.

Кошумча шилтемелер

https://auca.kg/ru/auca_news/2441/
http://zanoza.kg/doc/337681_pervyy_vypysk_voennoslyjashih_okonchivshih_kyrs_angliyskogo_iazyka_pri_ayca.htm
http://www.tazabek.kg/news:745807