Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери энергетикалык коопсуздук маселелерин талкуулашууда
“25 жылдык көз карандысыздык: Борбор Азиядагы жана башка аймактардагы энергетикалык коопсуздук маселелери” аталышындагы конференция 2016-жылдын 14-15-декабырнда Ашхабад шаарында өттү. Анын ишине Афганистан, Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркменстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген эксперттер катышты. Түркмөнстанда өткөн бул иш-чара аймактык кызматташуунун коопсуздук чакырыктарын жана аймактык кызматташуунун, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу стратегияларын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.
Конференция Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштар жана өз ара аракеттенишүү боюнча НАТОнун кызматкери, Ашхабаддагы Улуу Британиянын элчилиги жана Коопсуздук жана коргоо маселелерин изилдөө боюнча Бириккен королдук институт жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Чыгып сүйлөгөндөр аймактык кызматташуу энергетикалык инфраструктуранын коопсуздугуна кепилдик берүү үчүн зарыл экендигин, мунай жана газ куурлары тынчтыкка жана туруктуулукка көмөктөшүү каражаты катары курулушу мүмкүн экендигин белгилешти.
Конференцияда НАТОнун энергетикалык коопсуздук боюнча алдыңкы тажрыйбасы Борборунун директорунун орун басары Жан-Марк Буйе жана стратегиялык талдоо жана изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Артурас Петкустун тааныштырган борбордун эксперттик билимдерин баса белгилөө менен НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштар жана өз ара аракеттенишүү боюнча кызматкери Розария Пульизи НАТО өнөктөштөрдүн коопсуздук жана коргоо тармагындагы, ошондой эле энергетика тармагындагы потенциалын чыңдоо үчүн көрсөтүп жаткан колдоосун белгилеп өттү.